74 кымбат батир, 19 соода жайы... УКМК Бишкек шаардык сотунун судьясы мыйзамсыз байыганын аныктады

Бишкек шаардык сотунун судьясы тарабынан мыйзамсыз баюу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ж.М.Б. аттуу судья кымбат баалуу кыймылсыз мүлк жана бир катар коммерциялык объекттер, атап айтканда 74 кымбат батир, 19 соода жайы, 10 унаа токтотуучу жай, ошондой эле Бишкек шаарынын "алтын аянты" деп аталган аймагында жайгашкан кымбат баалуу жер тилкелерине ээлик кылаары аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 323-беренеси "мыйзамсыз баюу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Мындан сырткары аталган судья Ж.М.Б. кылмыш жолу менен алынган кыймылсыз мүлктүн изин жашыруу максатында кезегинде эч кандай далилденген мыйзамдуу киреше булактарын жок кылуу үчүн жакын туугандары жана башка адамдарга керектүү сатуу-сатып алуу келишимдерин түзгөн. Учурда Ж.М.Б. судьясына таандык башка декларацияланбаган кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо боюнча бир катар тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, тиешелүү текшерүүлөрдүн жана экспертизалардын натыйжалары боюнча, керектүү материалдар кылмыш ишин козгоого макулдук алуу боюнча Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына берүү үчүн Башкы прокуратурасына жөнөтүлөт. Тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Elaman0693
2021-04-08 18:44:08
Ушулардан азда болсо акча алып мам,казнаны толтуруп жатат! Ушуну да короалбаган адамдар!!!!!! Шугур кылалычы.. Буга чейин болдубу эле, ушундай?????
+14
aiba.20201234567
2021-04-08 19:02:38
Бляяя не тажабайт булар жеп ичкенден....
+13
Rusbayastan
2021-04-08 19:03:19
Болушунча тыгып эле алыптыр го судья
+17
Gulizaa
2021-04-08 19:03:26
Бишкекти ,майлуураак жерлерди мамлекеттик кызматтагы , криминалдар эле ээлеп,калган Эл тентип журот!
Баары бир бул дуйно болбосо акыретте жооп беришет.
+18
Zumrudianka
2021-04-08 19:06:40
Ой бок курсак арам тамак судья мынча алкымын чон олсон коруно алып жатчуудай квартира кобойтупсунго. Бул арам байлыктарын канчалаган кан аралаш ыйлардын убалына келгени анык, капапайым элди какшатып боздоттунда бир акчалууну кылмыштан куткарып арам акча менен балдарына неберелерине эле эмес чебере ыбыраларына чейин жете турган арам байлык топтопсун сволочь судья Ж. М. Б
+11
Kuban-1207
2021-04-08 19:32:09
Мурунку Жеенбековдун бийлиги эмне кылып атышты эшек такалап эле жүргөн турбайбы
-1
Asmat84
2021-04-08 20:49:58
Kuban-1207,сука сенин жалайыктай болгон оозуңдан бир жакшы сөз чыгабы
+5
Mister-XXX
2021-04-08 23:44:43
Asmat84,Буга сөккөнүн деле жетпейт го,Жээнбековдон мурун АША эмнеге минтпейт деп айтпады.Жээнбеков үч жыл болду бийликте,АША алты жыл башкарды го.
+2
Ozgocho111
2021-04-08 20:13:53
Бул эми миндин бири,ачыкка чыга элеги канча
+13
Eden-Hazard
2021-04-08 20:49:50
Бир эле имарат канча млн турат,Азыр менин акчамды мунун аманаттарын 1сом кылып эсептесенда анча чыкпайт
+2
JaneEr
2021-04-08 21:16:09
Мага бир арзаан эле квартирасын берип койгулачыы...
+2
nazira...
2021-04-08 22:15:15
JaneEr,ооба, мага да. Особнягынын жанындагы 2 комната үйүн бөлүп берсе кана эле.
0
jazmina909090
2021-04-08 22:30:58
Аллахкка ашыкча кетирген тамчы сууна да жооп бересин дегенден кабары жок бул жок карангылардын.Арам акча аш болбойт.Аллахтан коркуу сезими 0%
+3
Arai92
2021-04-09 00:31:25
Мына сага, я в шоке.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан