Бокс: Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык Александр Панарин жеңилди

Бүгүн, 16-октябрь күнү Алматыда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда 49, 69 жана 81 килограмм салмактагы боксчулар рингге чыгууда. Аталган салмак даражаларында 3 кыргызстандык боксчунун катышуусундагы беттештер жыйынтыкталды. Учурда бүгүнкү 3 кыргызстандык мушкерлерден акыркы болуп ринг үстүнө чыккан Александр Панарин (81 кг) түркмөнстандык Арсланбек Ачиловко жеңилип калды. Ошентип бүгүн рингге чыккан кыргызстандык 3 боксчудан бирөө гана кийинки турга өттү. Айта кетсек, 49 килограмм салмакта беттеш өткөргөн Турат Осмонов жана Александр Панарин да атаандаштарына караганда бир топ эле жеңишке жакын болду. Бирок калыстар жеңишти кыргызстандык боксчулардын атаандаштарына ыйгарышты. Алматыда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда калыстардын күтүүсүз чечимдери көп болууда. Бул бир гана кыргызстандык мушкерлерге карата эмес, башка өлкөнүн өкүлдөрү да кээде өтө жакшы беттеш өткөрүп туруп жеңүүчү аталбай калууда. Ал эми бүгүн биринчи беттешин жеңген Эркинбек Болотбек уулу кийинки беттешин кениялык Рейтон Оквириге каршы өткөрөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mechta.kg
2013-10-16 16:58:10
Kyrgyzstan alga
0
XAH
2013-10-17 00:56:53
Алгаа биз Манас атанын урпактары! Тайманбастан женишке аракет кыл, азаматсын, алга Кыргызстан!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан