Жаш ырчылардын арасында мукам үнү, фортепиано, комуз, гитара жана аккордеондо кол ойноткону менен айырмаланган хит ырлардын аткаруучусу Калыс Жакыпов SUPER.KG порталынын кезектеги коногу.
Жаңы жылдык программалардын бирине атайын алып баруучу Айзада Жамгырчиева менен дуэт жаздырып, ырдап чыгышкан. Алардын бирге түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармактардан көргөн эл "сүйлөшөбү?" деген комментарийлерди жазып калтырып, кызыгышкан. Бул суроону Калыска бергенибизде ыр жаздырып, клип тартып жүргөн кезде Айзадада аялзатына тийиштүү бардык жакшы сапаттардын бар экенин байкап, сүйүп калганын айтат.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.