"Милан" футболдук клубунун чабуулчусу Златан Ибрагимович тасмага тартылат. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
Маалыматка караганда, 39 жаштагы футболчу "Астерикс жана Обеликс: Улуу Жибек Жолу" аттуу тасмада Антивирус аттуу каармандын ролун жаратмакчы. Тасманы тартуу иштери 2022-жылы башталары айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, футболчу март айында Швеция курама командасына узак убакыттык тыныгуудан кийин футбол талаасына кайтып келген.