Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев уулдарына арнап той өткөрдү. Тагыраагы, ырчы бир уулун сүннөткө отургузуп, экинчисине жентек той өткөрүп, көпчүлүктөн бата алды.
Той 8-апрелде Бишкектеги тойканалардын биринде өтүп, ага маданияттын, шоу-бизнестин өкүлдөрү дагы конок болушту.
Тойдо артисттин өкүл баласы Кубаныч Алиев тамада болуп, салтанатка 200дөй киши келгенин билдирди.
"Өкүл атам Ибрагим деген уулун сүннөткө отургузуп, Төрөгелди деген уулуна бешик той өткөрдү. Салтанат абдан жакшы болуп, ага Токтобек Асаналиевдин жакындары, достору, чыгармачылыктагы кесиптештери конок болушту", - деди ал.