УКМК Жол чарбалык департаментиндеги туруктуу коррупциялык схеманы аныктады

Транспорт министрлигинин алдындагы Жол чарбалык департаментинде түзүлгөн туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы аталган департамент жол тейлөө мекемелерин унаа жолдорун куруу жана оңдоо үчүн керектүү заттар менен камсыз кылууга, тендердик жол-жоболор аркылуу май өндүргөн продукцияны сатып алган.

"Бирок башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары аларга баш ийген жол тейлөө мекемелеринин жетекчилиги менен алдын ала макулдашып, материалдык артыкчылыктарды өндүрүү максатында сатып алынган чийки заттын олуттуу бөлүгүн кызыкдар болгон жеке компанияларга сатышкан. Ошол эле учурда берилген маалыматта сарпталган чийки заттын көлөмүн жана баасын атайылап ашыкча көрсөтүшкөн. Бул коррупциялык схеманын натыйжасында департаменттин кызмат адамдары тарабынан мамлекетке 49 миллион сомдон ашык суммадагы зыян келтирилген.

8-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси "коррупция" фактысы менен кылмышка шектүү делини Чүй облусунун унаа жолдорунун аймактык башкармалыгынын башкы инженери А.Р.А. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди", - деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Учурда тергөө жүрүп жатканын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан