ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан борбор калаадагы түнкү клубдардын биринде баңгизаттарды сатуу менен алектенүүчү каналды аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча атайын операциясы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, кебетеси азиялык болгон 30-32 жаш чамасындагы жаран баңгизаттарды сатуу менен алектенүүчү туруктуу каналын жөндөп алганы аныкталган.
"Жеткиликтүү далилдин болуусунун негизинде, сотко чейинки иликтөөнүн алкагында тинтүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда 1991-жылы туулган К.У. аттуу түнкү клубда ди-джей болуп иштеген коңшу мамлекеттин жараны кармалды. Ага өздүк кароо жүргүзүүдө шымынын чөнтөгүнөн кендир жытына ээ болгон кара-күрөң түстөгү зат табылып алынган. Ошондой эле анын бөлмөсүн тинтүүдө аталган затка окшош зат алынган.
Сотко чейинки өндүрүш иши жана аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда", - деп айтылат маалыматта.