Алматы: Сымбат Сулайманов дагы жарым финалда өзбекстандык балбанга жеңилип калды

Бүгүн, 11-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу турниринин үчүнчү күндүк беттештеринин жарым финалы Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталды.

Бул турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча 97 килограмм салмакта катышкан өлкө чемпиону Сымбат Сулайманов "Рио-2016" жайкы Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси, 35 жаштагы өзбекстандык Магомед Ибрагимов менен кез келди. Бул беттеште өзбек балбаны 13:1 эсебинде жеңишке жетти.

Муну менен Сымбат Сулайманов коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан