Кечээ, 10-апрелде Кыргыз-Казак чек арасындагы "Кордай" өткөрүү пунктунан Алматы шарындагы лицензиялык турнирге катышып келген кыргыз балбандарын тосуп алуу аземи болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, балбандарды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Шабданбаев, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Жоомарт Шамканов, туугандары, достору, күйөрмандары тосуп алган.
9-11-апрель күндөрү өтүп жаткан бул турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан күрөштүн грек-рим түрү боюнча жалпы 5 балбан катышса, анын ичинен үчөө Олимпиадага жолдомо утушту.