КРнын Орусиядагы элчиси Новосибирск облусуна расмий иш сапары менен барып кайтты

25-27-октябрда КРнын Орусиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Б.Жунусов Новосибирск облусуна расмий иш сапары менен барды. Сапардын алкагында элчи Новосибирск облусунун губернаторунун орун басары К.Каланчин жана Новосибирск шаарынын мэри В.Городецкий менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Орусиянын аталган облусунун ортосундагы маданият, илим, экономика жана социалдык тармакта кызматташуу жолдору талкууланды. Б.Жунусов Кыргызстан Орусия, анын аймактары менен соода-экономикалык жаатта тыгыз кызматташууга зор маани берерин баса белгиледи. Губернатордун орун басары К.Каланчин Новосибирск облусу Кыргызстан менен экономика жана маданият жактан жакшы байланыш түзүп келатканын айтты. Ошондой эле К.Каланчин келечекте кыргызстандык студенттердин Новосибирск облусундагы ЖОЖдордо билим алуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан