Кыз-келиндердин образын жаратып, элге күлкү тартуулаган актёр Залкар Касымовду жакшы эле таанысаңыз керек. Бай жигитти кыялданган Гулянын ролун мыкты аткарган актёр жашоодо кандай? Күйөрмандарга Залкарбек мырзаны жакындан тааныштыруу максатында төрүбүзгө чакырып маек курдук.
Өз сөзүндө ал "Вайн жана тасмада кыздын ролун жаратып жүрүп алардын жашоосу мырзалардыкына караганда кызыктуу экенин түшүндүм. Көчөгө мырзалар бетти жууп эле чыгып кетсе, айымдар көзүн,тырмактарын боёп, чачын жасап, кийингенге көп убакыт менен эмгек талап кылынат экен. Мунун баарын түшүнүп, азыр сүйлөшкөн кызымды шаштырбай калдым", - деди.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.