Ормон хандын 220 жылдыгына арналып уюштурулган улуттук спорттун түрлөрү боюнча өтүп жаткан "Манас оюндары - 2013" мелдешинде кыргыз күрөш боюнча мелдештер аяктады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз күрөш боюнча мелдештер 14-15-октябрь күнү Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтүп, анда өлкө аймагынан 9 команда ат салышты. Мелдештин жыйынтыгында жалпы командалык эсепте Талас командасы 1-орунду ээледи. Катышкан бардык командалардын ээлеген орундары төмөндө:
1-орун: Талас облусу - 4 алтын, 2 коло, жалпы упай 76
2-орун: Бишкек - 1 алтын, 4 күмүш, 2 коло, 76 упай
3-орун: Ысык-Көл - 2 алтын, 2 коло, 56 упай
4-орун: Жалал-Абад - 3 коло, 56 упай
5-орун: Чүй - 2 коло, 55 упай
6-орун: Баткен - 2 күмүш, 1 коло, 53,5 упай
7-орун: Нарын - 1 күмүш, 47 упай
8-орун: Ош облусу - 1 коло, 44,5 упай
9-орун: Ош - 1 коло, 34 упай