Кечээ, 12-апрелде Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болгону кабарланган.
Кырсык Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 204-чакырымында болгон. Анда Тойота Камри жана Ауди С4 үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Натыйжада 19, 20 жаштардагы 3 жигит каза болгон.
Ал эми 21 жаштагы жабыркаган дагы үч жигит Түп райондук ооруканасына "Тез жардам" аркылуу жеткирилген. Анын бири ооруканадан көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.