Ысык-Көлдө балык уулоого кетип, дайынсыз болуп жаткан кишинин жансыз денеси табылды

Буга чейин, 10-апрелде Ысык-Көл облусунда 65 жаштагы киши балык уулоого чыккан бойдон дайынсыз болуп, изделип жаткан. Анын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жансыз дене бүгүн, 13-апрелде табылган.

"Бүгүн дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМнын Каракол шаардык өрт куткаруу бөлүгүнөн 3 суучул, 2 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер, жергилүктүү тургундардан 4 адам жана аскер бөлүгүнөн 10 суучул тартылып, саат 10:40та маркумдун жансыз денеси суудан табылды. Жансыз дене ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан