14-октябрь күнү башталган Ормон хандын 220 жылдыгына арналып өтүп жаткан улуттук спорттун түрлөрү боюнча "Манас оюндарында" көк бөрү боюнча жарым финалчылар аныкталды. 16-октябрь күнү “Аккула” ат майданында көк бөрү боюнча акыркы тайпалык беттештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору билдирет. Тайпалык баскычтын негизинде Бишкек, Талас, Ысык-Көл жана Чүй командалары жарым финалга өттү. Жарым финалдык беттештер бүгүн, 17-октябрь күнү орун алып, анда Талас менен Чүй жана Бишкек менен Ысык-Көл командалары беттешет.