UFC: Хабиб Нурмагомедовдун менеджери мушкер чет жерден мейманканага канча акча төлөй тургандыгын айтты

UFC уюмунун мурдагы жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азиз мушкер чет жерде жүргөндө мейманканага түнөө үчүн канча акча төлөөрүн айтты. Бул тууралуу менеджер чет элдик спорттук басылмалардын бирине берген маегинде айткан.

Абдель-Азиздин айтымында, Нурмагомедов арзан мейманканаларды жакшы көрөт.

"Хабиб аябай эле көп киреше табат. Бирок чет жерлерде жүргөндө ал көбүнчө күнүнө 50 доллар турган мейманканада түнөйт", - деген Абдель-Азиз.

24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
amirrus
2021-04-14 12:24:46
Молодец
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан