Мамлекеттик чыккынчылык кылганга шектелген 2 жаранды 10 жылга эркинен ажыратуу каралды

Өлкөдө чыккынчылык кылганга шектелип 2 Кыргыз жараны кармалды. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мамлекеттик чыккынчылык кылуу" беренеси боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында республиканын айрым жарандарынын катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер алынды.
13-апрелде тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгынын жана мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар деген далилдердин негизинде 2 жаран кармалды.

УКМК бул кылмышты жасагандыгы үчүн кармалгандарды 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилеп кетет.

Кылмыш ишинин материалдарына берилген жашыруун сырдын чектелген даражасын эске алуу менен, тергөө иштеринин натыйжалары боюнча, бул адамдар тарабынан жасалган кылмыштардын жагдайлары жөнүндө кененирээк маалымат коомчулукка берилет", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mister-XXX
2021-04-13 21:02:14
Туура,НПОшниктердин баары кыргыз элине чыккынчылар.
+4
ooki8888
2021-04-14 09:35:18
Мындайларды кытайда атып салмак.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан