Бүгүн, 17-октябрь күнү Алматы шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун 4-күнүндө 56 жана 75 килограмм салмактагы боксчулар рингге чыгууда. Учурда 56 килограмм салмактагы кыргызстандык боксчу Өмүрбек Малабековдун атаандашы белгилүү болду. Жаңы гана орун алган беттеште өзбекстандык Шахриёр Исаков менен непалдык Динеш Шреста беттешип, калыстардын чечими менен өзбекстандык боксчу жеңүүчү аталды. Эми өзбек мушкери 19-октябрь күнү Өмүрбек Малабеков менен беттешет. Ошондой эле бүгүн, чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча мелдешти 2-турдан баштай турган дагы бир кыргызстандык боксчу Азамат Каныбек уулунун атаандашы белгилүү болот.