Кызыл-Кыяда уктап жаткан чабандын телефонун уурдай качкан шектүү кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында чабандын телефонун уурдай качкан шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-апрель күнү Кызыл-Кыя шаарынын 35 жаштагы тургуну мал багып жүрүп уктап калганда, анын жанындагы базар баасы 14 миң сомдук уюлдук телефонун белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.
Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Кызыл-Кыя ШИИБинин кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын 29 жаштагы тургуну Р.А. кармалган. Уурдалган телефон өз ээсине кайтарылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан