Башкы прокуратура: "Баткенде жеке тараптарга мамлекеттик мүлк мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталды"

Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы “Кадамжай-Коммунальщик” мамлекеттик-муниципалдык ишканасына тиешелүү болгон 30 батир, 0,10 жана 0,15 гектарды түзгөн эки жер тилкеси ушул эле ишкананын жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан жеке жактарга мыйзамсыз менчикке берилип кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Аталган мамлекеттик мекеме-ишканалардын жооптуу кызматкерлери мыйзам талаптарын бузуу менен жогорудагы объектилерди сатуу боюнча укукка жат келишимдерди түзүшүп, кыймылсыз мүлктөрдү жеке тараптарга сатып жиберишкен. Бул объектилерди мамлекеттин менчигине кайтаруу максатында Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан Баткен облустук административдик жана Кадамжай райондук сотторуна доо арыздар киргизилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Мындан сырткары тиешелүү кызмат адамдардын аракетине баа берүү үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси менен ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") козголгон өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан