Алар аялы-күйөөсү болушкан. ИИМ кызды күч колдонуп унаага салып жаткан окуя боюнча айтты

Социалдык тармактарда белгисиз адам кызды күч колдонуп унаага салып жаткан видео тарап, аны милиция кызматкерлери издеп жаткан. Видеодогу кыз менен бала аялы-күйөөсү болгонун ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Булар аялы жана күйөөсү болушкан. Алар 22 жаштагы Р.М. жана 23 жаштагы Ж.А. Чүйдүн Ысык-Ата районунун тургундары. Алар өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Учурда бири-бирине эч кандай доолору жок", - деп жазылат маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazarnew
2021-04-15 18:33:42
Лапша илбегилечи. Козлы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан