Бүгүн, 18-октябрь күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында “Дүйнөлүк уруш искусство оюндары - 2013” мелдеши старт алат. Алгачкылардан болуп самбо боюнча мелдеш башталат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирди. Ошондой эл бүгүн эки кыргызстандык самбочу күчтөрүн сынап көрмөкчү. Анда кыздар арасында Кундуз Берди кызы (68 килограмм салмакта) венесуэлалык Тимана Луна менен беттешсе, дагы бир кыргызстандык Анара Жумали кызы (48 кг) украиналык Олёна Куняцка аттуу спортчу менен күч сынашат. Эскерте кетсек, мелдеш 18-26-октябрь аралыгында өтүп, анда спорттун 15 түрү боюнча мелдештер өтөт.