Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Өлөң айылында жол кырсыгы катталып, 19 жаштагы эки кыз каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 15-апрель күнү саат 13:30 чамасында болгон. Анда 1968-жылы туулган жаран Хонда-Одиссей унаасын башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай, жолдон чыгып ала салып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен жүргүнчү катары келе жаткан Кара-Талаа айылынын 2002-жылы туулган А.Н. жана К.Г. аттуу кыздар окуя болгон жерден каза болушкан. Ал эми айдоочу жана дагы бир жүргүнчү ооруканага жаткырылган.
Учурда тиешелүү иштер жүрүүдө.