Ломбарддан акча алып, күрөөгө койгон унаасын айдап качкан. Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-январь күнү Ленин РИИБине аял арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш адамы 2020-жылдын 16-декабрында ломбарддардын биринде арыз ээсинин ишенимине кирип 4 миң 820 доллар үстөк пайыз менен насыя алып, ордуна Субару Аутбэк үлгүсүндөгү унаасын таштаган. Эртеси күнү жогорудагы унааны кардарга көрсөтүп аны саткандан кийин акчаны кайтарам деген шылтоо менен алып кетип, ошол бойдон из жашырып кеткенин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене алдамчылык менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 1983-жылы туулган жаран кармалып, СИЗО-1ге бир айга камалган. Мындан сырткары, шектүүнүн үстүнөн дагы бир арыз келип түшкөн. Учурда арыз ээсине канча чыгым келтирилгени аныкталып жатат. Ошондой эле шектүүнүн башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу аныкталууда", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан