Бүгүн, 18-октябрь күнү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун 5-күнүндө 52, 64 жана 91 килограмм салмактагы боксчулар экинчи беттештерин өткөрөт. Аталган салмак даражаларындагы кыргызстандык боксчулар Азат Үсөналиев (52 кг) менен Сергей Паренко (91 кг) чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча мелдешти 2-турдан баштамай болгон. Ал эми Эрмек Сакенов (64 кг) биринчи беттешинде Уэльс өлкөсүнүн өкүлү Дэвис Зак аттуу боксчуну жеңген. Ал бүгүн ирландиялык Раймонд Моллетт менен беттешет. Ошондой эле быйыл Иорданияда өткөн Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү Азат Үсөналиев молдовалык Рыкшан Александрос менен беттешсе, ошол эле мелдеште коло медаль тагынган Сергей Паренко даниялык Жим Андрисенге каршы беттешет. Беттештер 14:00дө башталат.