Франциянын Монако шаарында футболдогу жетишкендиктери үчүн 29 жаштан өйдө курактагы оюнчулар арасында жыл сайын берилүүчү “Golden Foot” сыйлыгын тапшыруу аземи болду. Аталгын сыйлыкка Дэвид Бекхэм, Икер Касильяс (“Реал”), Самуэль Это'О, Фрэнк Лэмпард (экөө тең “Челси”), Андрес Иньеста (“Барселона”), Мирослав Клозе (“Лацио”), Андреа Пирло (“Ювентус”), Давид Трезеге (“Ньюэллс Олд Бойз”), Дидье Дрогба (“Галатасарай”) жана калыстардын атайын чечими менен 28 жаштагы португалиялык футбол жылдызы Криштиану Роналду ат салышты. Жыйынтыгында “Галатасарай” клубунун африкалык чабуулчусу Дидье Дрогба аталган сыйлыкты жеңип алды. Эске салсак, мурда аталган сыйлыкка Роберто Баджо (2003-жылы), Павел Недвед (2004), Андрей Шевченко (2005), Роналдо (2006), Алессандро дель Пьеро (2007), Роберто Карлос (2008), Роналдиньо (2009), Франческо Тотти (2010), Райан Гиггз (2011) жана Златан Ибрагимович (2012) аттуу оюнчулар татыган.