Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 18-октябрда кримавторитет Камчы Көлбаев боюнча сот иши уланат. Бул тууралуу ишти караган соттук курамдын төрагасы Абдуразак Боронбаев билдирди. Көлбаев адам уурдоо, бийлик өкүлүнө кысым көрсөтүү, мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү сыяктуу беренелер боюнча айыпталууда.
Эске салсак, Көлбаевдин ден соолугуна байланыштуу сот иши 28-июнда убактылуу токтотулган эле. Кийин анын бөйрөгү чоңоюп кеткени кабарланган.