Бүгүн, 20-апрелде Чүйдө кыз ала качуу тууралуу маалымат келип түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жаш кызды ала качып кеткендиги боюнча маалымат келип түшкөн. Тергөө тобу окуя болгон жерге барышып, териштирүү иштерин жүргүзгөндө милиция чакырган 20 жаштагы кыз төмөндөгүлөрдү билдирген.
"Мен курбума такси чакырдым, такси көрсөтүлгөн дарекке келгенде ал жерден жаш кызды бир бала унаага салып айланма жолду карай айдап кетти деп таксист айтты. Мен окуя боюнча дароо милицияга кабарладым", - деген ал.
"Тергөө иштеринин алкагында кыздын жана аны ала качты деген балдардын аты-жөнү такталган. Алар 1999-жылы туулган М.Ж. жана С.К. аттуу балдар. Аталган балдар милиция кызматкерлери тарабынан Аламүдүн РИИБине жеткирилишкен. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында кызды эч кандай алып качуу болбогонун билдиришип, кыз сүйлөшүп жүргөн жигитинин унаасына өзү отурганын, алар кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүнө көп жыл болгонун билдиришкен. Алардын ата-энелери да суралып, алар да балдары кыз-жигит болуп көптөн бери сүйлөшүп жүрүшкөнүн тастыкташып, ушул жылдын күз айларында үйлөндүрүү пландары бар экенин айтышкан", - деп жазылат билдирүүдө.