Бүгүн, 18-октябрь күнү Алматыда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун 5-күнүндө 52, 64 жана 91 килограмм салмактагы боксчулар арасында 1/16 финалдык беттештер өтүп жатат. Учурда 52 килограмм салмактагы кыргызстандык боксчу Азат Үсөналиевдин катышуусундагы беттеш жыйынтыкталды. Анда Азат молдовалык Рыкшан Александростун үстүнөн ишенимдүү жеңишке жеттип, 1/8 финалга өттү. Беттеште 3-раунд бою кыргызстандык мушкер кожоюндук кылды. Ошондой эле Азаттын 1/8 финалдагы каршылашы да аныкталды. Азат Үсөналиев 1/8 финалда мелдеш кожоюну Ильяс Сулейманов аттуу боксчу менен кез келет. Азыр 64 килограмм салмактагы кыргызстандык Эрмек Сакенов менен 91 килограмм салмактагы Сергей Паренконун рингге чыгуусу күтүлүүдө.