UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор Англиянын атактуу "Манчестер Юнайтед" клубун сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу Макгрегор өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Салам баарыңарга! Мен "Манчестер Юнайтед" клубун сатып алууну ойлонуп жатам. Сиздер буга кандай карайсыздар?", - деп жазды Макгрегор.
"Манчестер Юнайтед" клубу бүгүн, 21-апрелде расмий токтотулган Европа Супер Лигасына кошулгандан кийин, анын ээлери клубду сатууну көздөгөн. Ал эми Макгрегор аталган футболдук клубдун күйөрманы.
2021-жыл ирландиялык мушкер үчүн дагы жемиштүү боло баштады. Дастин Порьеге утулганына карабай, ал 30 миллион евродон ашык акча алган. Мындан тышкары өзүнүн "Proper Twelve" вискисинин сатылышы кошулуп, мушкердин байлыгы 280 миллион еврого бааланган.
"Манчестер Юнайтед" бул - Англиядагы эң кымбат футболдук клуб. Forbes басылмасынын маалыматы боюнча, клуб 2021-жылы 4 миллиард 200 миллион еврого бааланган. Мындан тышкары англиялык клуб дүйнөдөгү эң кымбат клубдардын ичинен "Бавария", "Реал Мадрид" жана "Барселонадан" кийин төртүнчү орунда турат.
Ушунун баарын эсепке алганда, Конордун клубду сатып алуусу өтө эле оор экени айдан ачык. "Манчестер Юнайтед" ирландиялык мушкердин байлыгына караганда 15 эсе кымбат. Ал эми Макгрегордун болгон байлыгы клубдун 10 пайыз акциясына дагы жетпейт.