Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар 2020-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу башкы прокурордун отчётун укту.
Анда депутат Бакыт Төрөбаев Салык инспекциясынын иши тууралуу маселе көтөрүп чыгып, ишти өз көзөмөлүнө алууну өтүндү.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев: "Салык кызматын текшердик, ал жакта чындап эле мыйзам бузуу бар экен", - деди. Ошондой эле башкы прокурор депутаттарга ыраазычылык билдирди. "Берилген суроолор, коюлган сунуштар эске алынат. Алгылыктуу иштегенге аракеттенебиз. Баарыңыздарга ыраазычылык билдиребиз.", - деди ал.
Жыйынтыгында отчётту канааттандырарлык деп табышты.