Бүгүн, 18-октябрь күнү Алматыда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун 5-күнү 52, 64 жана 91 килограмм салмактагы боксчулар арасында 1/16 финалдык беттештер өтүп жатат. Учурда 64 килограмм салмактагы кыргызстандык боксчу Эрмек Сакеновдун катышуусундагы беттеш жыйынтыкталды. Анда Эрмек ирландиялык Реймонд Моллет аттуу боксчу менен кез келип, 3-раунддун жыйынтыгы боюнча 3:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жеттип, 1/8 финалга өттү. Ошондой эле Эрмектин 1/8 финалдагы каршылашы да аныкталды. 1/8 финалда Эрмек Сакенов тажикстандык боксчу Шавкатжон Рахимов менен кез келет. 1/8 финалдык беттеш 21-октябрь күнү өтөт. Учурда 91 килограмм салмактагы кыргызстандык боксчу Сергей Паренконун рингге чыгуусу күтүлүүдө.