Чүй ОИИББи: "Күйөөсү салган акчаны жок кылып койгон аял үйүнө уурулар киргенин айтып милицияга кайрылды"

Чүйдүн Токмок шаарында аял менен эркек тоноо фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

2020-жылдын 29-декабрында Токмок ШИИБине аял киши кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, бет кап кийген эки белгисиз адам курал менен анын үйүнө кирип, колун аркан, скотч менен байлап, 5 миң доллар акчасын алып андан ары дайынсыз жоголушкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда кызматкерлер бул иш арыз ээси менен анын мурунку күйөөсү тарабынан уюштурулганы аныкталган.

Алар алгач кылмыштын сценарийин алдын ала түзүп алып анан аткарышкан. Себеби аялдын чет жерде жүргөн жолдошу ага акча салып турган. Бирок ал аны коротуп салып, күйөөсүнө айта албай акыры ушул ишке барганын айтып берген.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ozgocho111
2021-04-23 07:18:18
Мурунку куйоосу, демек соо аял эмес, акмак аял экен
+14
Tyty1990
2021-04-23 07:28:19
Аялдан амал качып кутулбайт
+14
Luna7
2021-04-23 07:31:34
Уурусу күч болсо ээсин доого жыгат
+13
nazira...
2021-04-23 08:00:37
Ушундай да аялдар и эркектер болот экен да. Акмак аял экен, а мурунку күйөөсүнө барибир да. Тозокто күйөт го.
+8
Dembele84
2021-04-23 10:01:13
Азыркы куйоосу Россияда тырмаландап иштеп акча таап жонотуп жатса,а бул кок мээси мурунку куйоосу менен ойнош болуп,ал жоноткон акчага бул жакта сайрандап жургон окшойт!
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан