Ош облусунун Алай районунда Honda Stepwagon үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылып, 36 жаштагы айдоочу окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 19-апрель күнү саат 17:00 чамасында Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолунун 62-чакырымында, тактап айтканда Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы Чыйырчык ашуусунда болгон.
"36 жаштагы айдоочу батыштан чыгышты карай бара жатып рулду башкара албай, жолдун четиндеги тосмону сүзүп, унаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен унаанын ичинде жүргүнчү катары бара жаткан Алай районунун 5 жараны жана Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну ар кандай жарааттарды алып, райондук ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу алган жараатынан улам окуя болгон жерден каза болгон. Кырсык боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.