UFC 261: Валентина Шевченконун көз караш дуэли болуп өттү. Эки күндөн кийин беттеш (видео)

Бүгүн, 23-апрелге караган түнү АКШнын Жексонвилл шаарында UFC 261 турнирине катыша турган мушкерлердин көз караш дуэли болуп өттү.

Бул турнирде Валентина Шевченконун атаандашы бразилиялык мушкер Жессика Андраде болмокчу. Турнир АКШнын Флорида штатынын Жексонвилл шаарындагы "VyStar Veterans Memorial Arena" спорттук аренасында өтөт жана бул беттеште Валентина Шевченко чемпиондук наамын бешинчи ирет коргойт.

Эки мушкер дагы көз караш дуэлине чыгып, бир нече убакыт тиктешкен соң кол алышты.

2020-жылдын 22-ноябрында АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 255" турниринде Валентина Шевченко бразилиялык Женнифер Майяны утуп, чемпиондук курун төртүнчү ирет коргоп калган. Ал эми Жессика Андраде октябрь айында америкалык мушкер Кэтлин Чукагяндын үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жеткен.

Валентина Шевченконун көш караш ьдуэли болуп өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
rysik79
2021-04-23 09:53:27
Валя намыска жарап берет буйруса!
+4
salimbek87.kg
2021-04-23 10:31:05
Ийгилик
+2
aitiev1210
2021-04-23 10:34:11
Сары кыз сени бир кол менен эле тынчытам дейт го суротто, Ийгилик, алга Кыргызстан!!
+3
Alixan-Nookat.2015
2021-04-23 10:50:23
Ийгилик каалайм!
+2
ruslan868600
2021-04-23 11:45:08
ушуну утса кийинкиси китаянка менен окшойт...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан