Бокс. Дүйнө чемпиондугу – 2013: Сергей Паренко 1/16 финалда утулуп калды

Бүгүн, 18-октябрь күнү Алматыда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун 5-күнү 52, 64 жана 91 килограмм салмактагы боксчулар арасында 1/16 финалдык беттештер өтүп жатат. Учурда 91 килограмм салмактагы кыргызстандык боксчу Сергей Паренконун катышуусундагы беттеш жыйынтыкталды. Анда кыргызстандык мушкер даниялык Жим Андрисен аттуу боксчу менен кез келип, 3-раунддун жыйынтыгы боюнча 3:0 эсебинде жеңилип калды. Ошентип бүгүн ринг үстүнө чыккан 3 кыргызстандык боксчулардын экөө 1/8 финалга өттү. Алар Азат Үсөналиев (52 кг) менен Эрмек Сакенов (64 кг). Эскерте кетсек, буга чейин мелдештен Турат Осмонов (49 кг), Медер Мамакеев (60 кг), Александр Панарин (81 кг) четтеп калган болчу. Дагы эки кыргызстандык боксчу Өмүрбек Малабеков (56 кг) менен Азамат Каныбек уулу (75 кг) беттештерин өткөрө элек. Жалпысынан мелдешке катышып жаткан кыргызстандык 9 боксчудан 4 боксчу мелдештен четтеди.       

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан