14-апрелде Кыргыз футболдук союзу менен "Шоро" ЖЧКсынын демөөрчүлүк келишимге кол коюу жолугушуусу өттү. Анда Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов жана "Шоро" компаниясынын коммерциялык директору Олег Вислевский келишимге кол коюшту.
Белгилей кетсек, келишимдин негизинде "Легенда" соода маркасы Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын расмий суусу болуп эсептелинет.
"Бир канча жылдан бери биз менен кызматташып келе жаткандыгыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. 10 жылдан ашык Кыргыз өлкөсүндө футболду колдоп келе жатасыздар, бул жылы биз үчүн натыйжалуу жыл болуп, жаңы жеңиштерге чогуу күбө болобуз деп ишенем", - деп белгиледи Канатбек Маматов.