Бүгүн, 19-октябрь күнү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун 6-күнүндө 56, жана 75 килограмм салмактагы боксчулар экинчи беттештерин өткөрөт. Аталган салмак даражаларындагы кыргызстандык боксчулар Өмүрбек Малабеков (56 кг) менен Азамат Каныбек уулу (75 кг) чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча мелдешти 1/16 финалдан баштамай болгон. Бүгүн саат 14:00дө Өмүрбек Малабеков өзбекстандык Шахриёр Исаков аттуу боксчу менен беттешсе, Азамат Каныбек уулу саат 19:00дө мексикалык Хуан Мерчадого каршы рингге чыгат.