Бүгүн, 19-октябрь күнү Алматыда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун 6-күнү 56 жана 75 килограмм салмактагы боксчулар арасында 1/16 финалдык беттештер өтүп жатат. Учурда 56 килограмм салмактагы кыргызстандык боксчу Өмүрбек Малабековдун катышуусундагы беттеш жыйынтыкталды. Анда Өмүрбек Малабеков өзбекстандык Шахриёр Исаков аттуу боксчу менен кез келип, жеңишке жетип, 1/8 финалга өттү. Ошондой эле Өмүрбектин 1/8 финалдагы каршылашы да аныкталды. 1/8 финалда Өмүрбек Малабеков мелдеш кожоюну казакстандык Кайрат Йералиев аттуу боксчу менен беттешет. Айта кетсек, бүгүн 19:00дө 75 килограмм салмактагы кыргызстандык боксчу Азамат Каныбек уулу да рингге чыгат. Азамат 1/16 финалдык беттеште мексикалык Хуан Мерчадого каршы беттешет.