Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында турак үйдүн чатыры күйдү. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок дешти ӨКМдан.
Маалым болгондой, Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан үйдүн чатырынан өрт чыгып, 3 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Өрттүн кесепетинен болжол менен үйдүн 240 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.