"Сатылмак". Бишкектен 7 килограммдан ашык гашиш баңги заты алынды

Бишкек шаарындагы Жамгырчинов көчөсүнөн унаадан сатылмак болгон 8 килограммдан ашык гашиш баңги заты табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Баңгизаттарды ташуу жана сатуу каналын аныктоого жана жок кылууга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө 2021-жылдын 23-апрелинде Бишкек шаарынын Жамгырчинов көчөсүндө А.А. аттуу жарандын башкаруусундагы БМВ үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унааны текшерүү учурунда ичинен 8 килограммдан ашык гашиш баңги заты табылган", - деп жазылат билдирүүдө.

Баңгизаттын жалпы салмагы 8 килограмм 262 грамм болгон. Кармалган чет элдик жаран баңгизатты түзөтүү мекемелеринин бирине соттолгондорго сатууну көздөгөн. Учурда тергөө оперативдик иш-чаралар улантылууда жана бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-04-26 22:21:31
көздү кызыктырып акчасын дагы жазып койчу элеңер го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан