Бүгүн, 21-октябрь күнү Алматыда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун 8-күнүндө 49, 56, 64, 75 жана 91 килограмм салмактагы боксчулар рингге чыгат. Аталган салмак даражаларынын экөөсүндө гана кыргызстандык боксчулар мелдештеги жолун улантууда. Анда бүгүн 14:00дө 56 килограмм салмактагы кыргызстандык боксчу Өмүрбек Малабеков мелдеш кожоюну казакстандык Кайрат Йералиев менен беттешет. Айта кетсек, Дүйнөлүк рейтингде Өмүрбек 9-орунда болсо, казак мушкери 8-орунда. Ошондой эле 19:00дө 64 килограмм салмактагы кыргызстандык Эрмек Сакенов тажикстандык Шавкатжон Рахимов менен беттешет.