Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 18-26-октябрь аралыгында өтүп жаткан “Дүйнөлүк уруш искусство оюндары – 2013” мелдешинде кыргызстандык боксчу Мирлан Түркбай уулу биринчи беттеште жеңилип калды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирди. 20-октябрь күнү рингге чыккан 49 килограмм салмактагы кыргызстандык боксчу Мирлан Түркбай уулу орусиялык Валентин Чебачеков менен беттешип, 3 раунддун жыйынтыгында 2:1 эсебинде жеңилип калды. Дагы эки кыргызстандык боксчу Адилет Бекеев менен Бектур Отогонов өз беттештерин өткөрө элек.