Жалал-Абадда эртең менен эки кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 4 адам каза болду

Жалал-Абад шаарында эки кабаттуу үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 4 адам каза болду. ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тилсиз жоо бүгүн, 30-апрелде эртең мененки саат 08:30 чамасында катталды.

"Жалал-Абад шаарындагы Курманбек шаарчасындагы турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түштү. Өрттү өчүрүүгө саат 08:31де жалпы 4 бөлүм тартылды. Өрттүн кесепетинен 4 адам каза болду, учурда алардын аты-жөнү такталууда.

Турак үйдөн чыккан өрт саат 09:00дө чектөөгө алынды, кошумча маалымат берилет", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан