20-октябрь күнү “Аккула” ат майданында улуттук спорттун түрлөрү боюнча “Манас оюндары - 2013” мелдешинин алкагында көк бөрү боюнча финалдык беттештер орун алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрь күнү Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Мелдештин финалында “Ысык-Көл” менен “Чүй” командалары беттешип, жыйынтыгында 6:2 эсебинде “Ысык-Көл” командасы жеңүүчү аталды. Эске салсак, “Манас оюндары - 2013” мелдеши 14-20-октябрь аралыгында өтүп, анда кунан чабыш, көк бөрү, жорго салыш, аламан байге, тыйын эңмей, кыз куумай, эр эңиш, кыргыз күрөш, тогуз коргоол жана ордо боюнча мелдештер өттү.