Webilim24 онлайн тренинг борбору кыргыз тилинде IT тармагынын адистерин даярдайт

Кыргыз өлкөсүндө билим берүү тармагында бир топ көйгөйлөр бар экени талашсыз. Өлкөдө замандын талабына ылайык IT тармагына кызыккандардын саны арбын. Бул тармак боюнча билим алуу үчүн аймактардан келген жарандар Бишкек шаарынын кыргыз тилинде окутууларды таба албай убара болушат. Анткени борбор калаабызда IT тармагы боюнча кыргыз тилинде окутуулар жок. Аймактардан келгендер бул тармак боюнча билим алуу үчүн алгач тил үйрөнүүсү керек болот. Албетте, буга бир топ убакыт талап кылынат.

Мындан улам Webilim24 онлайн тренинг борбору алгачкылардан болуп кыргыз тилинде IT тармагы боюнча окутууларды уюштурду. Окууну ийгиликтүү аяктагандардын көпчүлүгү иш менен камсыз болушат.

Окутуунун максаты – аталган тармактын адистерин кыргыз тилинде окутуп, кыргыз тилдүү жарандарга шарт түзүү жана билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүү.
Курска жазылууда орундар чектелүү, бир тайпада 8 адам болот. Алардын ар бирине индивидуалдуу мамиле жасалып, өзгөчө көңүл бурулат. Курстун соңунда алар тест тапшырышат, андан өтпөгөндөргө сертификат берилбейт. Мисалы, бир тайпада 8 адам окуса, анын 6сы гана сертификат алган учур болгон.

Учурда эки жогорку окуу жайынан ушул окутууну уюштуруп берүү сунушу түштү.

Азыркы учурда борбор онлайн окутууга басым жасап жатат. Аймактардагы же болбосо чет мамлекеттеги жарандарга онлайн окуу шарты түзүлгөн. Учурда онлайнда 20 студент окуп жатат. Орусиядагы, Кытайдагы, Япониядагы, Казакстандагы Кыргыз жарандары онлайн түрүндө окушууда. Жыйынтыктар жакшы болуп жатат. Анткени окутууга 24 саат бою мүмкүнчүлүк беребиз. Андан натыйжа чыкмайынча экинчи сабагы ачылбайт.

IT тармагынын багыттары бөлүнөт:
"Интернет маркетолог+UX/UI" – 2 ай;
"FRONT-END+UX/UI" – 3 ай;
“Webmaster” – 1 ай.

Сурап-билүү телефон номерлери: +996 755 555 815, инстаграмда @webilim24

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан