Бүгүн, 21-октябрь күнү 2014-жылы Бразилияда өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарында 2-орунду ээлеп, кошумча беттеш өткөрүүчү командалардын атаандаштары белгилүү болот. Учурда Европага берилген 13 жолдомонун 9у ээсин тапкан, калган 4 жолдомого 2-орунду ээлеген 8 команда ат салышат. 8 команда Дүйнөлүк рейтингдин негизинде 2 топко бөлүнгөн. Анда 1-топко Португалия, Греция, Хорватия жана Украина курама командалары кирген. Алардын атаандаштары 2-топтогу командалардан болот. 2-топто Франция, Швеция, Румыния жана Исландия курама командалары бар.