Сузакта 5 балалуу 24 жаштагы келин асынып алды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 24 жаштагы келин өз жанын кыйды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"23-апрелде саат 19:30 чамасында Таш-Булак айылында 1996-жылы туулган келин өзүнүн сарайына барып асынып алган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Келин 16 жашында турмушка чыккан, 5 баласы бар.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, каза болгон келиндин ата-энеси кызынын асынып, өмүрүнө кол салуусуна күйөө баласы күнөөлүү экендигин билдиришип, милицияга арыз менен кайрылышкан. Каза болгон келиндин күйөөсүнүн окуяга канчалык деңгээлде катыштыгы бардыгы тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ZhanMM
2021-05-04 10:34:07
Эхх, балдарга кыйын болот, бул дуйнодо апасы жок.
+12
zhazgul98
2021-05-04 11:04:05
Аял болуу же кыз болуп төрөлүү бизде өтө оор - эгер кыз болуп төрөлүп калсаң "чыдап" өмүрүң өтөт. Чыдыбаганы өлүп тынат . Бизде Кыздар дайыма психологиялык, маданий кысымдын алдында күн кечиришет. Аял болуу ансыз деле өтө кыйын, анткени көбүнчө сабатыз, агрессивный эркектер менен жашоого туура келет.
+14
zhazgul98
2021-05-04 11:05:48
Билимсиз эркектер аялдардын үстүнөн бардык укуктарыбыз бар деп эсептешет. Өзүн эркин, кайратуу алып жүргөн аялдарга көпчүлүк эркектер дароо ачууланып жана бир гана жолун издешет - аялды кемсинтүү жана кысымга алуу.
+14
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан