Бүгүн, 21-октябрь күнү Алматыда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун 8-күнү өтүп жатат. Жаңы гана 56 килограмм салмактагы кыргызстандык боксчу Өмүрбек Малабековдун катышуусундагы беттеш жыйынтыкталды. Өмүрбек Малабеков мелдеш кожоюну казакстандык Кайрат Эралиев менен кез келип, 2:1 эсебинде жеңилип калды. Беттештин 1-раундунда Өмүрбектин бир нече таамай соккуларынан казак боксчусунун кашы жарылып кеткен, бирок 2-3-раунддарда калыстар казак мушкерин жеңүүчү деп табышты. Ушуну менен мелдешке катышып жаткан кыргызстандык 7-боксчу мелдештен четтеди. Айта кетсек, буга чейин кыргызстандык боксчулардан Турат Осмонов (49 кг), Медер Мамакеев (60 кг), Эркинбек Болотбек уулу (69), Азамат Каныбек уулу (75 кг), Александр Панарин (81 кг) жана Сергей Паренко (91 кг) мелдештен четтеген болчу. Ошондой эле бүгүн, 21-октябрь күнү 19:00дө башталуучу кечки бөлүмдө 64 килограмм салмактагы кыргызстандык Эрмек Сакенов тажикстандык Шавкатжон Рахимовго каршы беттешет.