Бишкекте 17 жаштагы өспүрүмдү уурдаганга шектелген 3 жаран кармалды

Бишкекте киши уурдоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 3-май күнү болжол менен саат 16:40 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Бишкек шаарынын Көлбаев көчөсүнөн өспүрүмдү уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, ошол эле даректен 2004-жылы туулган өспүрүмдү 20-25 курактага балдар күч колдонуп, белгисиз унаага салып кетишкендиги аныкталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1991-жылы туулган С.И., 1997-жылы туулган У.К. жана 1992-жылы туулган А.Н. аттуу жарандар кармалган.

Шектүүлөр Свердлов РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилип, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazira...
2021-05-04 10:53:28
Тооба, кыргыздарбы?
+2
Baatirbek81
2021-05-04 11:10:04
nazira...,кебетеси суук немелерго
Кыргыз эмес!
+2
tsunse
2021-05-04 22:02:44
Буларды камаш керек, акчасын алып чыгарып ирбей, кебетесинен окунгондой корунбойт го, азыр чыгам деп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан